Билим берүү министри Чүй жатак мектебине барды
23 февраль

Билим берүү министри Чүй жатак мектебине барды

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 22-февралда Чүй облусундагы жетим балдар жана ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдар үчүн Чүй жатак мектебине барды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, министр жатак мектептин окуу бөлмөлөрүн, санитардык түйүндөрүн, спорт залдын, жатаканалардын, китепкана, ашкана, медпункт, устакана, стадион, кир жуучу жайлардын абалы менен, өрт коопсуздугу жана балдардын ортосундагы тарбиялык иштердин жүрүшү менен таанышты.

Мектептин директору Назгүл Мусаева маалымдагандай, мектепте тарбиялануучулар үчүн музыкалык, кол өнөрчүлүк, спорт, шахмат ийримдери жана комузчулар тобу бар.

Ошондой эле тарбиялануучуларды сергек жашоого үндөгөн окуу жана ден соолукту чыңдоо комплекси, тарбиялануучуларды чач тарач, косметология жаатында окутуу үчүн имарат курулган.

Министр бул окууларды балдарга интернатты аяктагандан кийин ийгиликтүү социалдашуу үчүн абдан маанилүү экенин белгиледи.

“Жатак мектептин аймагында тарбиялануучулар үчүн курулуп жаткан 18 батирлүү үй бүтүрүүчүлөрдү социалдык коргоого алууда эң чоң мааниге ээ. Аларга коомдогу жүрүм-турум көндүмдөрүн берүү, оптималдуу жашоо жолун аныктоо, психосоциалдык жана физикалык ден соолукту калыбына келтирүү үчүн жол ачып берет”, - деди Кендирбаева.

Жатак мектептин көйгөйлөрүнүн бири - спорт залды толугу менен жаңыртуу, устаканага жана окуу имаратына капиталдык ремонт жүргүзүү. Ал эми келечекте күнөскана куруу, жетим балдарга турмуштук көндүмдөрдү үйрөтүү үчүн устаканаларды түзүү да каралган.