Кыска мөөнөттүү 508 бала бакчада миңге жакын бала тарбияланууда
29 март

Кыска мөөнөттүү 508 бала бакчада миңге жакын бала тарбияланууда

2025-жылдын 27-мартында Билим берүү жана илим министрлигинде Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жактан “Келечек үчүн билим берүү” жана “Окутуунун негиздерин бекемдөө” долбоорлорунун Байкоо комитетинин кезектеги жыйыны өттү. Анда долбоорлор кантип ишке ашырылып жатканы, жетишилген жыйынтыктар жана негизги көрсөткүчтөр тууралуу маалымат берилди. 

Жыйында 2025-жылдын башына карата долбоорлордун алкагында 64 миңден ашуун педагог окутуудан өткөрүлгөнү, 1200 мектеп жана 8 педагогикалык колледжге 25 миңден ашуун компьютердик жана уюштуруу техникасы берилгени айтылды. 

Долбоордун адистери пландалган кыска мөөнөттүү 560 бала бакчанын 508и иштеп жатканы (дагы жетөө ачылуу алдында турганы), мында 29 миңдей бала тарбияланып жатканы, Санарип Кампа – STEM предметтери боюнча санариптик билим берүү платформасы тесттик режимде иштеп жатканы жана министрликтин тутумундагы уюмдарга берилген техникалык жардам тууралуу маалымат беришти. 

Жыйында маалымдалгандай, окуу процессинин жыйынтыктарын баалоо системасын жакшыртуунун алкагында критериалдык баалоо инструменти жана методологиясы иштелип чыгып, сыналып жатат. PISAга багытталган тесттер түзүлүп, PISAнын пилоттук тестирлөөсү өткөрүлдү жана окуучулардын социалдык-эмоционалдык көндүмдөрү пилоттук негизде бааланды. “Билим берүү практикасына байкоо жүргүзүү” каражаты иштелип чыгып, окуу процесси бааланды жана “Баланын эрте өнүгүүсүнүн” базалык изилдөөсү жүргүзүлдү.

Мындан сырткары, Дүйнөлүк банктын финансылык колдоосу менен 2024-жылы башталган “Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновация” долбоору тууралуу да маалымат берилди.