Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылындагы мектепте опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча шектүү кармалды
4 ноябрь

Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылындагы мектепте опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча шектүү кармалды

2025-жылдын 24-октябрында Instagram социалдык тармагына мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгында белгисиз колдонуучулар тарабынан Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын бир мектебинде кооптуу кырдаал жаралгандыгы тууралуу маалыматтык билдирүү жарыялангандыгы аныкталды.

Аталган билдирүүдө Кызыл-Туу айылындагы орто мектепте окуучулар арасында акча талап кылуу жана коркутуу учурлары системалуу түрдө болуп келери айтылган. Маалыматка ылайык, айрым улуураак класстын окуучулары кичүү класстардын окуучуларынан акча талап кылышып, баш тарткан учурда аларга физикалык жана психологиялык басым көрсөтүшкөн.

Бул маалымат каттоого алынып, анын негизинде текшерүү иштери башталган.

Текшерүү учурунда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Кызыл-Туу айылынын жашоочулары - С.Ж. (1988-жылы туулган), К.Г. (1988-жылы туулган) жана А.Ж. (1988-жылы туулган) тарабынан жазуу жүзүндөгү арыздар түшкөн. Аталган арыздар мыйзам талаптарына ылайык катталган.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнин 208-беренесинин («Опузалап талап кылуу») белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө жана тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө мыйзамсыз аракеттерди уюштурган адам мурда ушул мектепте окуган, учурда жогорку окуу жайынын студенти болгон Б.А., 2007-жылы туулган жаран экени аныкталган. Шектүү Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Учурда кылмыш ишинин алкагында бул окуяга тиешеси болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө аракеттери улантылууда.

Тергөө уланууда.