Баткенде 5 миң 322 бүтүрүүчү мектепти аяктады
26 май

Баткенде 5 миң 322 бүтүрүүчү мектепти аяктады

Баткен облусунун аймагындагы мектептерде 2024-2025-окуу жылын жыйынтыктаган "Акыркы коңгуроо" кагылууда.

Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, облустагы мектептерде 9-классты 10 459 окуучу, 11-классты 5 322 бүтүрүүчү аяктады.

Ал эми 1-класска жыл башында 12 миң 690 окуучу кабыл алынган.

Бул күнү Баткен шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектептеги салтанатка КРнын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси Айжигит Акматов катышып, бүтүрүүчүлөргө облус башчысынын куттуктоосун жеткирип, алдыңкы окуучуларды тарбиялаган мугалимдерге сыйлыктарды тапшырды.