Оштогу Сабиров атындагы орто мектебинин отканасы жаңыланды
Ош шаарындагы №65 М. Сабиров атындагы орто мектебинин отканасы толугу менен алмаштырылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Жаңыланган откананын ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов жана тиешелүү тармактын өкүлдөрү катышышты.
Жаңылоо иштеринин алкагында эски жабдуулар алмаштырылып, заманбап жана үнөмдүү жылытуу системасы орнотулду. Бул иштерди “Ошжылуулукэнерго” муниципалдык ишканасы аткарды.
Мындай иштер кыш мезгилинде мектептин имаратын туруктуу жана сапаттуу жылуулук менен камсыздап, билим берүү мекемелеринде окуучулар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле жылуулук системасынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
