Ат-Башы районундагы мектепке кошумча корпус курулууда
Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Карыбек уулу Акматаалы мектебине 150 орундуу кошумча корпус салынууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.
Мектептин наркы 63 миллион сомго бааланып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.
Жалпы аянты 1025 чарчы метрди түзгөн билим уясы заманбап талаптарга жооп берген эки кабаттуу окуу корпусунан турат. Ошондой эле мектептин айланасына сырткы спорт талаасы курулмакчы.
Курулуш-монтаждоо иштери “Мейкин Улан” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүп, иштин аткарылышы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө.
