Кыргызстандын мектептеринде бүгүн акыркы коңгуроо жаңырат
Кыргызстандагы бардык мектептерди бүгүн, 26-майда акыркы коңгуроо жаңырат. Бул жылы 9-классты 134 681 окуучу, ал эми 11-классты 80 540 бүтүрүүчү аяктайт.
Салтанат маалында коопсуздукту камсыздоо жоопкерчилиги билим берүү мекемелеринин жетекчилерине жүктөлгөн. Милиция кызматкерлери өлкөдөгү бардык мектептерде күзөттө турушат.
