Жалал-Абаддагы медициналык мекемелерде бейтаптар үчүн көчмө китепканалар уюштурулду
Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевдин демилгеси менен облустун аймагындагы медициналык мекемелерде бейтаптар үчүн руханий жактан колдоо көрсөтүүгө багытталган жаңы долбоор ишке ашырылууда.
Анын алкагында облустук, шаардык жана райондук ооруканаларда көчмө китепкана, “Китеп куржун” иш-чаралары жана атайын китеп текчелери уюштурулду. Бул демилге аркылуу дарыланып жаткан жарандардын бош убактысын пайдалуу өткөрүүсүнө, руханий азык алуусуна жана маанайын көтөрүүгө шарт түзүү болуп саналат.
Көчмө китепканаларга көркөм адабият, тарыхый, илимий, ошондой эле балдар үчүн арналган китептер коюлган. Китептер бейтаптарга палатага чейин жеткирилип, каалоочуларга убактылуу пайдаланууга берилүүдө.
