Ысык-Көл: Шор-Булак айылында 100 орундуу жаңы бала бакча курулууда
23 октябрь

Ысык-Көл: Шор-Булак айылында 100 орундуу жаңы бала бакча курулууда

Ысык-Көл облусуна караштуу Шор-Булак айылында 100 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу уланууда. Курулуш иштери 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.

Долбоорго ылайык, эки кабаттуу бала бакчада бардык заманбап шарттар каралган.

Курулуш-монтаждоо иштери “Комапания Уста Групп” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүп, Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык журулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүүдө.