Министрлик Агрардык университеттин студенттерине дуалдык билим алууга шарттарды түзүп берди
18 июнь

Министрлик Агрардык университеттин студенттерине дуалдык билим алууга шарттарды түзүп берди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университеттин студенттерине айыл чарба өндүрүшү менен айкалышкан дуалдык билим алууга жакшы шарттарды түзүп берүүдө.

Айтсак, 2025-жылдын 1-мартынан тартып университеттин студенттери алдыңкы фермердик чарба (чемпиондор), ишканаларда дуалдык билим алууларын башташкан. 

Анда, «Расул», «Гиляз», «Жумабек» дыйкан чарбаларында, «ЭлДан Аталык Групп», «Салих ЛТД», «Томат Кей Джи», «Агромир КейДжи», «Бай Дыйкан», «Агроветазия», ишканаларында, «Айыл Банк», Каржы министрлигинин окуу борборунда, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде ж.б жооптуу мекемелерде дуалдык билим алууларын жүргүзүшүүдө. 

Ошондой эле алыскы чет өлкөдө (Германия, Польша) 75 студент, жакынкы чет өлкөдө (Казакстан) агрардык университеттин 84 студенти дуалдык билим тажрыйбасын алышууда. 

Дуалдык билим берүүдө айыл чарбасындагы чемпиондор, ири ишканалардын өкүлдөрү университетке келип, профессор-окутуучу курамы жана студенттер менен жолугушуп, лекцияларды окуп, өздөрүнүн айыл чарба тармагында жетишкен ийгиликтери, тажырыйбалары менен бөлүшөт. Окуу технологиялык жана өндүрүштүк практикалар айыл чарба ишканаларында өтөт.

Мындай ийгиликтүү жакшы көрсөткүчтөр Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан эки жылдан бери өткөрүлүп жаткан «Агродиалог» иш чарасында агрардык тармакта ийгилик жараткан «Айыл чарбасынын чемпиондору» сыяктуу иш-чараларынын үзүрү. 

Себеби, Министрлик демилгелеген «Агродиалог» ири долбоорунун натыйжасында фермерлер, ишканалар менен Кыргыз улуттук агрардык университетинин ортосунда тыгыз кызматташуу көпүрөсү жаралган. Жыйынтыгында, агротармактагы мындай кызматташуу өз жемишин бере баштады. 

Ошондой эле, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Агрардык университеттеги дуалдык билим берүү багытына мындан ары да колдоого алмакчы.