Депутат майыптыгы бар балдар үчүн акысыз ийримдерди уюштурууну сунуштады
Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитети «Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» мыйзам долбоорун карады.
Депутат Советбек Рустамбек уулу майыптыгы бар балдарды кесиптик даярдоодо кандай иштер жүргүзүлөрүн сурады, ага жооп катары эмгек министринин орун басары Кыял Жанузакова аталган министрликте билим берүү жаатындагы атайын программа каралбаганын билдирди. Айтымында, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды башка балдар менен кошо мектептерге, бала бакчаларга тартуу гана каралган.
Ал эми билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева белгилегендей, майыптыгы бар балдардын атайын интернаты мамлекеттин колдоосуна алынган жана андагы тамак-ашка башка интернаттарга салыштырмалуу көбүрөөк каражат бөлүнөт.
Депутат мындай балдарга кошумча ийримдерге барууга жеңилдиктер каралган-каралбаганын сурады эле, министр Кендирбаева мектептин аймагындагы гана ийримдерге акысыз катыша алаарын билдирди.
«Көзү азиз же ден соолугунун башка жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген, бирок аябай таланттуу балдар көп. Алардын кээ биринин ата-энесинин каржылык мүмкүнчүлүгү жетпегендиктен, спорт, бий сыяктуу кошумча ийримдерге бара албай жатышат. Аларды колдоп, коштоп турушубуз керек. Колдогон сайын көңүлдөрү көтөрүлүп, ийримдерге активдүү катыша башташат», – деди Рустамбек уулу.
