Оштун мэри жакында пайдаланууга берилген “Мээрим” бала бакчасын көрүп чыкты
12 январь

Оштун мэри жакында пайдаланууга берилген “Мээрим” бала бакчасын көрүп чыкты

Бүгүн, 12-январда Төлөйкөн кичи районундагы “Мээрим” бала бакчасында түзүлгөн шарттар менен калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана ата-энелер таанышып чыкты. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Эске салсак, бул имаратты өлкө башчысы Садыр Жапаров Элдик курултайдын алкагында онлайн форматта ишке берген.

Үч кабаттан турган 380 орундуу балдар бакчасынын эскилиги жеткендиктен буга чейин оор шартта иштеп келген. Ошондуктан мэр Жеңишбек Токторбаев имаратты жаңылоо тапшырмасын берген эле. Анын негизинде имарат толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, жаңы эмеректер менен камсыздалды. Ошондой эле балдар үчүн оюн аянтчасы, беседкалар жана отургучтар орнотулду.

Бала бакчаны ремонттоо иштери республикалык бюджеттен каржыланды.