Баткен шаарынын Чет-Булак башкармалыгында бала бакча ачылды
“Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында Баткен шаарынын Чет-Булак аймактык башкармалыгында жаңы үй тибиндеги бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Баткен шаардык мэриясынан кабарлашты.
Учурда бала бакча 25 кичинекей бөбөктү мектепке чейинки билим берүү менен камтып, жакынкы аралыкта дагы 25 баланы кабыл алуу пландалууда. Натыйжада, жаңы ачылган бул үй тибиндеги бала бакчада жалпы 50 бала тарбия алып, коопсуз жана ыңгайлуу шартта билим алышат.
Ачылыш аземине Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев катышып, шаар бийлиги тарабынан үй тибиндеги бала бакчаларды ачуу демилгеси мыйзам чегинде ар тараптуу колдоого алынарын белгиледи.
Бул багыттагы иштер шаарда мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн арттырууга багытталган.
