Эдил Байсалов: Мыкты мугалимдердин жашоосун жакшыртабыз, чала сабаттарды сый менен узатып коебуз
Эдил Байсаловдун өлкөдөгү билим берүү системасы боюнча билдирүүсү көпчүлүктүн талкуусуна кабылды. Караколдук мугалим Адил Какенов Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басарын мугалимдердин беделине шек келтирүүгө айыптап, жалпы мугалимдерден кечирим суроосун соцтармактагы баракчасы аркылуу талап кылган.
Эдил Байсалов ага жооп иретинде “ал эч кандай шек келтирбегенин, тескерисинче, алардын таламын талашканын” билдирди.
“Мен сизди Адил агай дейин. Биринчиден, мугалимдердин беделине шек келтиргенден алысмын, туура угуп, дыкат түшүнгөн адам, мен ал жерде мугалимдерге болушканымды билет.
Экинчиден, бул улут келечеги. Мугалимдиктин айлыгын алып жүргөндүн баарын мугалим деп айтууга болбойт. Сиз мектепте иштесеңиз, жакшы билесиз – чала сабат мугалимдер, өзү математика, физика, химиядан берип, бирок ошол сабакты жакшы түшүнбөгөндөр, англисче беш-алты сөз билип алып эле, англис тилинен окуткандар бар. Аны мен айтып, жаман болсом жаман болууга даярмын. Айтып чыгуу – менин милдетим. Келечекти ойлосок, бара-бара андай агай-эжейлерди сый менен узатып коебуз. Аларды кармап, аларга сыйынып, “ой, сиз мугалимсиз” дегенге мамлекет эч убакта барбайт”, – деди төраганын орун басары.
Ошондой эле ал сапаттуу билим берүүгө өтүү үчүн биринчи мыкты мугалимдерди тандоо зарылдыгын белгилеген. Анан да бул иш “галочка” үчүн болбой турганын, мектептердеги билим берүү сапаты чындап жакшырып, билимдүү балдар-кыздар өсүп чыгышына шарт түзүлөөрүн кошумчалаган.
“Бул жөн эле реформа эмес, бул жалпы трансформация. Бул баарын эле сылап-сыйпап, сен жакшы, мен жакшы деп айта тургандай оңой жумуш эмес. Бул өтө оор жумуш. Мурдагыдай эле боло берсек дегендер толтура – 90 пайыз. Бирок мамлекет келечекте чоң ийгиликтерге жетишели, жаштарыбызга жакшы шарт түзөлү деп атабыз, демек, мындан баш тартпайбыз. Мугалимдерди сыйлайм, жакшы сабак алгам, мыкты мугалимдердин жашоосун жылдан жылга жакшыртабыз. А чала сабаттардан арылабыз. Муну кийинкиге калтырганга убактыбыз жок. Бүгүн аракет көрбөсөк, толугу менен артта калышыбыз мүмкүн”, – деди Эдил Байсалов.
