КРСУнун жаңы кампусу курулат. Макулдашууга кол коюлду
26-ноябрда Россия Федерациясынын Президентинин Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия университетинин жаңы кампусун куруу тууралуу Макулдашууга кол коюлду.
Документке Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов жана Россия Федерациясынын Илим жана жогорку билим берүү министринин орун басары Константин Могилевский кол коюшту.
Макулдашуу заманбап университеттик кампусту курууну жана Кыргызстан менен Россиянын жогорку билим берүү тармагындагы кызматташуусун мындан ары чыңдоону карайт.
