Президент түндүк-түштүк деп бөлүнүп-жарылууну токтотуунун бир чарасы – студенттерди ротация болоорун айтты
Жогорку Кеңештин жыйынында президент Садыр Жапаров катышты. Ал депутаттар арасындагы жакында болуп өткөн окуяны эстеди:
“Парламентте депутаттарды бөлгөнгө аракет кылгандар болду: бул тигил тараптык, бул бул тараптык дешип. Дагы жакшы аны убагында токтотуп калдык. Эл өкүлү силер ушундай иш кылсаңар, жөнөкөй эл эмне болот деп ойлодум. Эми андай иштерди жасабайлы, бул мамлекеттин келечегине коркунуч жаратат”, – деди президент.
Ал Кыргызстандагы түндүк-түштүккө бөлүнүп-жарылууну токтотом деп бир кезде өзүнө сөз бергенин жана акыркы беш жылда ал убадасын аткара баштаганын белгиледи.
“Мисалы, сотторду, акимдерди жана башка мамчиновниктерди ротация кылып жатабыз, бул жакшы жыйынтыктарын берүүдө. Эми Кудай буйруса, алдыда студенттерди да ротация кылабыз. Мисалы, жалпы 10 миң бюджеттик орун берилсе, анын 5 миңин түштүккө, 5 миңин түндүккө бөлөбүз. Түштүктүк студенттер түндүккө, түндүктүктөр түштүккө келип окушат. Былтыр март айында бул 2026-жылдын сентябрында ишке кирип калсын деп тапшырма бергем. Бирок акча каражаты тартыш болуп калды, анткени ШКУ саммити, Көчмөндөр оюну бизде өтөт, андан тышкары, расмий, мамлекеттик сапар менен келчү президенттер көп. Мындан улам студенттерди ротациялоо бир жылга жылдырылды, жакында буга каражат бөлүнөт”, – деди мамлекет башчы.
Ошондой эле Садыр Жапаров жогорку окуу жайларына заманбап шарттары менен жатакана курулаарын кошумчалады.
