Жалал-Абаддын Кызыл-Жар айылында жаңы мектеп курулууда
30 сентябрь

Жалал-Абаддын Кызыл-Жар айылында жаңы мектеп курулууда

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кызыл-Жар айылында наркы 127 миллион сомду түзгөн жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты. 

Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө.

Жалпы аянты 2297 чарчы метрди түзгөн мектеп 375 орунга ылайыкталып, эки кабаттуу окуу корпусу жана спорт залы менен курулууда. Курулуш-монтаждоо ишери “Алихан строй” ЖЧКсы тарабынан аткарылып, заманбап талаптарга жооп берет. Азыркы тапта 85 пайыздык жумуш аткарылды.