Японияда Кыргызстандык студенттердин алгачкы ассоциациясы ачылды
Токио шаарында 15-апрелде Кыргызстандын Япониядагы элчиси А. Осоевдин катышуусу менен Япониядагы Кыргызстандын студенттер Ассоциациясынын расмий ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Ассоциация Кыргызстандын Япониядагы .лчилигинин, “JASSO” уюмунун, Цукуба университетинин жана Элчиликтин өнөктөштөрүнүн колдоосу менен, Япониядагы Кыргызстандын студенттер жамааты тарабынан уюштурулган.
Студенттик Ассоциацияны түзүүнүн максаты - Япониянын окуу жайларында окуп жаткан Кыргызстандын студенттерди колдоо жана интеграциялоо, ошондой эле маданий жана академиялык тажрыйба алмашууга жана Японияда ыңгайлуу жашоого өбөлгө түзүү болуп саналат.
Ачылыш аземине 44 адам катышып, кошумча 19 адам онлайн режиминде катышты. Иш-чаранын конокторунун арасында Кыргызстандын жана Япониянын студенттери, Япониянын университеттеринин өкүлдөрү, “JASSO” уюмунун өкүлдөрү жана Элчиликтин өнөктөштөрү катышышты.
Иш-чаранын конокторуна Кыргыз Республикасы тууралуу презентация тартууланды, ошондой эле улуттук аспаптарда ойноо, кыргыз ырларын жана “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү аткаруу менен маданий программа даярдалды.
Ошону менен катар, элчилик Кыргызстандын эл аралык аренадагы демилгелери, анын ичинде 2027–2028-жылдары БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлиги тууралуу маалымат берди.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 205 “Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу жана студенттердин маалымдуулугун жогорулатуу, патриоттук сезимин күчөтүү максатында, Элчилик Кыргызстандын студенттерин азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталардын (Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев) ишмердүүлүгү менен тааныштырды.
