Агартуу миинстри Манас шаарында курулуп жаткан “Акылман” президенттик лицейине барды
Бүгүн, 4-февралда, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Манас шаарында курулуп жаткан “Акылман” президенттик лицейине барды.
Ведомстводон кабарлашкандай, 360 окуучуга ылайыкталган лицей үч кабаттан турат.
Окуу жайда заманбап окуу класстары, робототехника кабинети, лаборатория, демонстрациялык кабинет, кулинария кабинети, металл жана жыгач иштетүү устаканалары каралган.
Мындан тышкары, окуучулардын шартын камсыздоо үчүн ашкана, китепкана, спорт залы, бассейн жана жатакана курулат.
Андан соң министр Манас шаарындагы №75 кесиптик лицейине барып, окуу жайдын ишмердүүлүгү менен жеринен таанышып, мугалимдери жана окутуучулары менен баарлашты.
