Атажанов: Кадамжайда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары авариялык имаратта билим алышат
14 май

Атажанов: Кадамжайда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары авариялык имаратта билим алышат

Кадамжай шаарындагы №33 лицей мышык ыйлай тургандай абалда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ырысбек Атажанов билдирди.

Айтымында, ушул убакка чейин аталган лицей кышында буржуйка менен жылытылат. Ашканасы, класстары авариялык акыбалда.

«Ушундай жерде окуучулар окуп жатышат. Бул лицейде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары окуйт», – деген депутат Билим берүү жана илим министрлигинен көңүл буруп коюусун суранды.

«Бир барып, өз көзүңөр менен көрсөңөр маселе канчалык терең экенин түшүнөсүңөр», – деп кошумчалады ал.