Коддон акылга: КР УИАнын Философия институту жасалма интеллектти изилдейт
Бишкекте Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын академик А.А.Алтмышбаев атындагы Философия институту жаңы илимий-изилдөө тобун – “Жасалма интеллекттин философиясы” тобун ишке киргизди. Анын ишинин биринчи ири натыйжасы болуп, философияны жана технологияларды бир интеллектуалдык мейкиндикте бириктирген басылма – “ЖИФ: Жасалма Интеллекттин Философиясы” журналынын чыгышы саналат.
“ЖИФ – ойлонуу жана талашуу” – журналдын урааны, ал адам машиналар менен талашып жаткан, бирок дагы эле ой жүгүртүүчү жан бойдон калган замандын рухун чагылдырат. Биринчи чыгарылыштын негизги суроосу доорго чакырык катары жаңырат: “Код кайсы жерде бүтүп, акыл кайсы жерде башталат?”
Журнал машиналык интеллекттин философиялык маанилерин, алгоритмдердин этикалык чектерин жана технологиянын адам өзүн кайрадан көрө турган күзгүгө кандайча айланып баратканын изилдейт.
Биринчи номердин авторлорунун арасында белгилүү философтор жана изилдөөчүлөр бар: Н.К.Саралаев (“Жасалма интеллект азыркы замандын философиялык көйгөйү катары”), Ө.К.Козубаев (“Машина этикалык субъект боло алабы?”), З.А.Алымкулов (“Машиналык кабылдоонун феноменологиялык редукциясы”), А.А.Бекбоев (“Санариптик чабан: социалдык башкаруу жана манипуляция коркунучтары”).
Журналдагы материалдар 3 тилде: кыргыз, орус жана англис тилдеринде берилген. Басылманын түзүмүндө – илимий макалалар, философиялык эсселер, диалогдор, новеллалар жана афоризмдер бар. “Алгоритм этикасы” бөлүмү автономдуу машиналардын моралдык чечимдерин жана санариптик системалардын адилеттүүлүк маселелерин карайт. “Каршылыктын чектери” – бул прогресстин терс жагына сын көз менен кароо, анда алгоритмдердин бийлиги, технологиялар дүйнөсүндөгү коркуу жана жалгыздык темалары көтөрүлөт. Ал эми “Маданияттагы философия” рубрикасы философияны жашоого жакындатып, “Солярис”, “Ал” (“Она”), «Матрица», «Westworld» сыяктуу культтук чыгармаларды талдайт.
Түзүүчүлөр баса белгилешкендей, жасалма интеллекттин философиясы – бул монолог эмес. Журнал окумуштууларды, программисттерди жана сүрөтчүлөрдү бириктирип, жөн гана билим бербестен, ой жүгүртүүнүн жаңы ыкмасын сунуштайт.
“ЖИФ: Жасалма Интеллекттин Философиясы” – бул технологиялар дүйнөсүндөгү компас. Келечектеги алгоритмдер жаралган жерден маани издөөгө жардам берген басылма.
Журнал тууралуу кененирээк маалымат шилтемеде:
https://iphilosophy.naskr.kg/files/Journal_new_philosofy.pdf
