КРнын командасы Менделеев атындагы эл аралык химия олимпиадасынан эки коло медаль утту
Кыргызстандын командасы 59-Менделеев атындагы эл аралык химия олимпиадасынан эки коло медаль утту. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги кабарлайт.
Маалыматка ылайык, олимпиада Бразилиянын Белу-Оризонти шаарында өтүп, ага дүйнөнүн кырктан ашуун өлкөсүнөн келген жүздөгөн мыкты окуучулар катышкан.
Олимпиадага Кыргызстандан төмөнкү окуучулар барып катышкан: Кахраманов Максатбек, Жапаров Эржан, Саматов Эрмек, Умхаева Мадина, Асылбекова Адия, Исаева Наима, Тешебаев Жасурбек. Аларды Исламбеков Азамат расмий түрдө коштоп барган.
Олимпиаданын жыйынтыгында кыргызстандык катышуучулар: Кахраманов Максатбек менен Жапаров Эржан коло медаль жеңип алышкан.
