Кыргызстанда IT багытына 3,2 миңден ашуун абитуриент кабыл алынды
сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
9 август

Кыргызстанда IT багытына 3,2 миңден ашуун абитуриент кабыл алынды

2026-жылы Кыргызстандын жогорку окуу жайларына маалыматтык технологиялар тармагындагы адистиктер боюнча 3 миң 229 адам кабыл алынды.

«Абитуриент Online» системасынын маалыматына караганда, алардын 1 миң 71и бюджеттик негизде билим алат. Ал эми 2 миң 158 абитуриент контракттык негизде окууга өттү.

Кабыл алынгандардын жалпы саны боюнча IT багыты эң көп тандалган беш багыттын катарына кирди. Андан жогору орундарда билим берүү тармагы – 7 миң 366 адам, гуманитардык адистиктер – 4 миң 245, экономика жана каржы – 3 миң 564 жана медицина – 3 миң 390 адам менен жайгашты.

Жалпысынан жайкы кабыл алуу өнөктүгүнүн алкагында өлкөнүн жогорку окуу жайларына 33 миң 188 абитуриент кабыл алынды.