Аксы районунда эки мектептин курулушуна капсула салынды
5-июнда Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Аксы районунда курула турган мектептердин пайдубалдарына капсула салды.
Алгач Төрага Сары-Кашка айылында жайгашкан № 65 Сали Жоробаев атындагы мектептин жаңы 275 орунга ылайыкталган имаратынын пайдубалын түптөө аземине катышты.
Ушундай эле салтанат Торук айылында да болуп, 225 окуучуга эсептелген жаңы мектептин пайдубалы түптөлдү.
Алсак, аталган эки мектептин тең имараттары эскирип, авариялык абалга кептелген. Учурда экөөндө тең 400дөн ашуун окуучу билим алат.
Андыктан, жаңы имараттардын долбоору иштелип чыгып, бирөөнө 184 млн сомдон ашык, ал эми экинчисине 144 млн сомго жакын каражат каралган.
Эки айылдын тең эли менен жолугушуп, баарлашкан Төрага өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар, жасалып жаткан жумуштар тууралуу учкай кеп кылды.
Анын ичинен мамлекет тарабынан өлкөнүн бардык аймактарындагы билим берүү жайларын жаңыртуу ишине өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеген Нурланбек Тургунбек уулу:
“Билим берүү тармагын өнүктүрүү артыкчылыктуу багыттарыбыздын бири. Ошондуктан, агартуу тармагын алдыга жылдырып, мугалимдер менен окуучуларга керектүү шарттарды түзүү иши жигердүү уланууда. Ал эми бүгүн түптөлүп жаткан жаңы имараттар балдардын өнүгүүсүнө өбөлгө түзө турган заманбап шарттар менен курулушу керек. Бул үчүн керектүү каражаттар толук каралган. Курулушка милдеттеме алган компания ишти убагында, сапаттуу бүткөрүшү зарыл”, – деди.
Ошондой эле экономиканын өсүшү калкка керектүү долбоорлорду ишке ашырууга көмөкчү болуп жатканын кошумчалаган Төрага:
- “Коррупцияга, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш күчөтүлүп, салык саясаты толугу менен жаңыланууда. Айрыкча өндүрүштү өнүктүрүүгө басым жасалып, ата мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлор үчүн да жакшы шарттар түзүлүүдө. Ал эми Жогорку Кеңеш керектүү мыйзам долбоорлорун ыкчам кабыл алып берип жатабыз. Бардык бийлик бутактарынын талыкпаган аракетинин натыйжасында мамлекетибиздин казынасы өсүп, калк турмушун жакшыртуу аракетине артыкчылык берилүүдө. Анын ичинен социалдык жана инфраструктуралык маанидеги курулуштар активдүү жүргүзүлүүдө”, – деди Төрага.
Ал эми салтанаттарга катышкан депутат Айсаракан Абдибаева элет жеринде иштеген агартуучулардын эмгегине жогору баасын берип, билим берүү тармагынын өнүгүшүндө мугалимдердин салымы чоң экенин кошумчалады.
