Билим берүү министри токтогулдук мугалимдер менен жолукту
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Токтогул районуна болгон иш сапарынын алкагында Бууракан айылындагы №38 М. Термечиков атындагы мектепте болуп, мугалимдер жана айылдын активисттери менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Министр алгач авариялык абалдагы мектептин абалы менен таанышып, жаңы салынып жаткан мектептин курулушун көрдү.
«Убакыттын кеч болгонуна карабай, мугалимдер жана айылдын активисттери министрдин өзүнөн «Алтын Казык» билим берүү системасын трансформациялоо тууралуу бир катар суроолорго жооп ала алышты.
Мектеп директору жана мугалимдер жаңы курулуп жаткан мектептин курулушун көзөмөлдөө өтүнүчүн билдирип, билим сапатын жогорулатуу боюнча бир катар убадаларын беришти», – деп айтылат билдирүүдө.
