Кыргызстан менен Россия Илим, жогорку билим берүү жана инновация тармагында кызматташууну  тенеңдетет
14 август

Кыргызстан менен Россия Илим, жогорку билим берүү жана инновация тармагында кызматташууну тенеңдетет

  • 13-августта Ысык-Көл жээгинде Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Б. С. Орозов Россия Федерациясынын илим жана жогорку билим берүү министри В. Н. Фальков менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

  • Тараптар билим берүү, илим жана инновация тармагындагы көп жылдык кызматташтыктын жыйынтыгын чыгарып, анын мындан аркы өнүгүүсүн талкуулашты. Ошондой эле Кыргыз-орус славян университетинин кампусун куруу маселелери каралды.

  • Кыргыз тарап төмөнкү сунуштарды берди:

  • • кош диплом программаларын жана академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүү;
    • студенттерди колдоону күчөтүү;
    • кыргыз-россиялык илимий альянсты жана тармактык лабораторияларды түзүү;

  • Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бири-бирин стратегиялык өнөктөш катары караарын жана келечек муундардын кызыкчылыгы үчүн ири демилгелерди ишке ашырууга даяр экенин тастыкташты.