Мектепке чейинки билим берүү менен балдарды камтуу 50%га жетти
1997 толук күндүк типтүү бала бакчаларда мектепке чейинки билим берүү менен камтуу 257,3 миң баланы түздү, бул 2024-жылга караганда 23,4 миң балага жана 85 бала бакчага көбүрөөк. Кыргыз Республикасынын Улуттук статкомунун маалыматтары боюнча пайыздык камтуу 32,3% түздү, бул 2023-2024 окуу жылына салыштырмалуу 4% га көп.
КР Агартуу министрлигинин ыкчам маалыматтары боюнча балдарды мектепке чейинки билим берүүнүн жана даярдоонун бардык түрлөрү жана формалары менен камтуу 2024-2025-окуу жылында мектепке чейинки даярдыкты эске алуу менен 44,3% түздү. Азыркы учурда райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн ыкчам маалыматтары боюнча 3 жаштан 5 жашка чейинки балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу 50% түздү.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-майындагы №257 токтому менен "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды кароо" Мамлекеттик билим берүү стандарты бекитилген. Аны ишке ашыруунун алкагында 1 жаштан 6 жашка чейинки балдарды өнүктүрүү Программасы иштелип чыккан.
4-5 жаштагы балдар үчүн баланын өнүгүү картасын, методикалык көрсөтмөлөрдү жана мугалимдер, ата-энелер жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин директорлору үчүн анкетаны камтыган Эрте өнүгүүнү баалоо куралы (ЭӨБК) иштелип чыкты.
560 мектепке чейинки билим берүү уюмдарын (500 кыска мөөнөттүү балдар бакчалары жана республиканын региондорунда 60 өнүктүрүү борборлору) түзүү боюнча иштер аяктады.
Мектепке чейинки ваучерлер системасы https://balalyk.edu.gov.kg/accelerator/voucher/ платформасында толугу менен автоматташтырылган. Атайын колдоо программалары аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга айына 2000 сомдон 4560 сомго чейинки компенсация алууга мүмкүндүк берди. 2025-жылдын 11 айынын аягына карата 1117 ваучерге арыз катталган (сентябрь айына салыштырмалуу 366 көп). Мектепке чейинки билим берүү кызматтары үчүн ваучердик каржылоо механизмин пилоттук сыноодон өткөрүүгө 4 032 800 сом бөлүндү.
