Ош: инновациялык мектеп жаңы окуу жылына даярдалууда
Ош шаарындагы З.М. Бабур атындагы №43 инновациялык жалпы билим берүү мектебинде капиталдык оңдоп-түзөө иштери активдүү жүргүзүлүүдө.
Учурда мектепте төмөнкү иштер аткарылып жатат:
* STEM-кабинеттер жаңыланууда;
* эки спорттук зал оңдоп-түзөлүп, кыздар жана балдар үчүн өзүнчө кийим алмаштыруучу бөлмөлөр жана жуунуу жайлары курулууда;
* окуучулар үчүн заманбап санитардык түйүндөр салынууда;
* жыйындар залы жана эмгек кабинеттери оңдоп-түзөлүүдө;
* мектеп имаратынын сыртын жаңылоого даярдыктар жүрүүдө.
Оңдоп-түзөө иштеринде сапаттуу, заманбап жана окуучулар үчүн коопсуз курулуш материалдары колдонулууда.
Белгилей кетсек, оңдоп-түзөө иштери аяктагандан кийин аталган мектеп өлкө боюнча инновациялык макамга ээ болгон 53 мектептин катарында төмөнкү заманбап жабдуулар менен камсыздалат:
* STEM жана маалыматтык-коммуникациялык жабдуулар;
* «Кванториум» борборлору үчүн жабдуулар;
* заманбап мектеп эмеректери;
* видеобайкоо системалары.
Жаңыланган инфраструктура жана заманбап жабдуулар окуучулардын сапаттуу билим алышына, практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана билим берүү процессинин натыйжалуулугун жогорулатууга кызмат кылат.
Бул иштер инновациялык мектептерде заманбап билим берүү чөйрөсүн түзүүгө жана билим берүүнүн сапатын жаңы деңгээлге көтөрүүгө багытталган.
