Кыргызстандык окуучулар 42-чи Балкан математикалык олимпиадасында 5 медалга ээ болушту
2025-жылдын 25-30-апрелинде Сараево шаарында (Босния жана Герцеговина) 42-чи Балкан математика олимпиадасы (BMO 2025) өттү. Олимпиадага 23 өлкөдөн 143 окуучу катышты. Жыйынтыгы боюнча алты окуучудан турган Кыргызстандын командасы, бир күмүш жана төрт коло медаль утту.
Катышуучулардын жыйынтыктары:
1. Бобрус Ян – күмүш медаль, «Газпром Кыргызстан» мектебинин 9-классынын окуучусу.
2. Эшперов Нурсултан – коло медаль, «Газпром Кыргызстан» мектебинин 11-классынын окуучусу.
3. Капаров Нурдоолот – коло медаль, «Газпром Кыргызстан» мектебинин 11-классынын окуучусу.
4. Киргизбаев Назар – коло медаль, Бишкек шаарындагы №61 - АФММЛ ОК 11-классынын окуучусу.
5. Султан Мусаходжаев – коло медаль, Бишкек шаарындагы №70 мектебинин 9-классынын окуучусу.
6. Асанкадыров Айдин – катышуучу, Бишкек шаарындагы №61- АФММЛ ОК 11-классынын окуучусу.
Бардык алты окуучу Улуттук математика олимпиадасынын жеңүүчүлөрү. Олимпиадага даярдаган тренер Мамат Ишматов.
Кыргызстан бул олимпиадага жетинчи жолу катышууда. Кыргызстандын окуучулары жалпы алганда бул олимпиадада 12 медаль утушкан, анын ичинен 2025-жылы 5 медаль жана 2024-жылы 4 медаль.
Эскерте кетсек, Балкан математика олимпиадасынын максаты таланттуу окуучуларды математика тармагында колдоо жана өнүктүрүү, катышуучу өлкөлөрдүн мектеп программалары жана тажрыйбасы боюнча маалымат алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүү болуп саналат. Ошондой эле, Эл аралык математика олимпиадасына (IMO) даярдык көрүү жана тажрыйба алуу.
