Мурдагы акыйкатчынын кызы мектептеги буллингдин айынан реанимацияга түшүп калды
Мурдагы акыйкатчы Атыр Абдрахматованын кызы мектептеги буллингдин айынан реанимацияга түшүп калды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазган.
Анын айтуусуна караганда, ушул кырдаалдан улам кызы үч айдан бери оор абалда. Ал окуу жылынын башында рэкетчиликке кабылган.
"Инстаграмда коркунучтуу нерселер жазылган. Мен мектептин кызматкерлерини айттым, бирок алар тараптан эч кандай чара көрүлгөн жок. Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясына кабар айтылган эмес. Анын кесепетинен буллинг күчөп, кызым реанимацияга түшүп калды", - деди ал.
Абдрахматова Билим берүү департаментине жана Билим берүү министрлигине да кайрылгандыгын айтты, бирок андан эч кандай майнап чыккан эмес.
