Билим берүү министрлиги жаш окумуштуулар арасында сынак жарыялады. Шарттары
Билим берүү жана илим министрлиги жаш окумуштуулар арасында сынак жарыялады. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Сынак жаштар арасында илимий изилдөөлөргө дем берүү, келечектүү илимпоздорду табуу жана колдоо, илимди жана инновацияларды жайылтуу максатында уюштурулууда.
Сынак «Жылдын эң мыкты илимий макаласы», “Жылдын эң мыкты инновациялык социалдык долбоору», «Жылдын мыкты жаш окумуштуусу» номинацияларында өткөрүлөт.
Сынакка 35 жашка чейинки курактагы Кыргыз Республикасынын жарандары, илимий даражасы бар экендигине карабастан жаш изилдөөчүлөр, окумуштуулар катыша алышат.
2024-жылдын 20-сентябрынан баштап жаш окумуштуулар сынагына өтүнмөлөр кабыл алынат.
Буйрук - https://edu.gov.kg/media/uploads/2024/09/20/eywgnp.pdf
Сынак тууралуу жобо - https://edu.gov.kg/media/uploads/2024/09/20/1458.pdf