Базар-Коргондо мамлекетке баасы 12,3 млн сомдук бала бакчанын имараты жана жер тилкеси кайтарылды
22 июль

Базар-Коргондо мамлекетке баасы 12,3 млн сомдук бала бакчанын имараты жана жер тилкеси кайтарылды

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Базар-Коргон шаарында жайгашкан №1 “Солнышко” бала бакчасы жана ага тиешелүү болгон 0,19 га жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу жолу менен жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

Прокурордук чаралардын негизинде наркы 12,3 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты жана жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.