Ысык-Көлдөгү окуу жайлардын дээрлик 1000ге жакын студенти окуудан чыгарылды
22 июль

Ысык-Көлдөгү окуу жайлардын дээрлик 1000ге жакын студенти окуудан чыгарылды

КР УКМК коррупцияны жана башка мыйзамсыз көрүнүштөрдү жоюу боюнча билим берүү тармагында жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын алкагында Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан ЖОЖдордон 1000ге жакын студентти окуудан чыгарды.

Студенттердин сабакка катышуусун жана билим сапатын комиссиялык текшерүүдө жогорку окуу жайлардын жана атайын окуу жайлардын талаптарын эске албаган студенттер аныкталды.

Тактап айтканда, 2024-2025-жылдагы окуу мезгилиндеги  941 студент окуудан чыгарылган:

  • К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинен - 779 студент окуудан чыгарылды;
  • Ж.Баласагын атындагы КУУнун гуманитардык-табигый илимдер факультетинен – 114 студент окуудан чыгарылды;
  • И.Ахунбаев атындагы Каракол медициналык колледжинен - 48 студент окуудан чыгарылды;