Лейлектин алыскы Айкөл айылына заманбап мектеп курулду
Баткен облусунун Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагынын Ай-Көл айылындагы Наркозу Батыров атындагы орто мектебинин курулушу аяктады.
Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, 225 орундуу типтүү мектепте окуу үчун толук шарттар түзүлүүдө.
Мектеп Баткен областык капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан, республикалык бюджеттин эсебинен курулду. Курулушка жалпы 106 млн 252 миң сом каралган.
Мектеп жаңы окуу жылына карата пайдаланууга берилүүсү күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган мектептин окуучулары, мындан 75 жыл мурда ашар жолу менен курулган мектепте билим алып келген. Мектептке ӨКМ тарабынан пайдаланууга жараксыз деген корутунду берилген. Натыйжада жаңы мектептин курулушу башталган.
