Жала-Абад облусунун башчысы кесипке багытталган кыска мөөнөттүү окуу курстарын уюштурууну тапшырды
29 январь

Жала-Абад облусунун башчысы кесипке багытталган кыска мөөнөттүү окуу курстарын уюштурууну тапшырды

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев кесипке багытталган кыска мөөнөттүү окуу курстарын уюштурууну тапшырды. Бул багытта ал облустун 2024-жылдагы жыйынтыгы, 2025-жылга коюлган пландарды каралган коллегияда айтты.

Ыйгарым укуктуу өкүл облустун социалдык-экономикалык, турсттик потенциалын жогорулатуу үчүн “Бекмамат Осмонов” атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, Сузак районундагы №36 кесиптик лиейинин базасында кыска мөөнөттүү окуу курстарын уюштурууну тапшырды.

Өкүл облуста курулушу башталган Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу, 2025-жыл "Жалал-Абад эл аралык аэропортунун" курулушу башталаарын эске салып, алдыдагы убакытта бул багыттагы адистерге болгон муктаждык жаралаарын белгиледи.

Ага катар келген туристтерге жана элге сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүүчү адистерди даярдоону эскертти.