ОшМУда «Евразиялык тармактык университет» илимий-билим берүү консорциумунун III форуму өтүп жатат
23 октябрь

ОшМУда «Евразиялык тармактык университет» илимий-билим берүү консорциумунун III форуму өтүп жатат

Форумга Евразиялык тармактык университетинин (ЕТУ) жетекчилери, Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаттары, аталган өлкөдөн жана
Кыргызстандан тиешелүү министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү, Орусия, Казакстан, Белорусия, Кыргызстандын алдыңкы жогорку окуу жайларынын ректорлору, эксперттер жана адистер катышууда.

Орусиянын Мамлекеттик думасынын илим жана жогорку билим берүү комитетинин төрагасынын орун басары Владимир Сипягин Евразия университеттеринин форуму кесиптик кадрларды даярдоодо эл аралык кызматташтыктын маанилүү аянтчасы болорун айтты.

“Евразия университеттеринин форуму бул илим жана билим берүү чөйрөсүндөгү эл аралык коллаборация. Орусия бул багытта чоң тажрыйбага ээ жана аны өнөктөштөр менен бөлүшүүгө даярбыз”, – деди ал.

Сипягин ошондой эле Евразия экономикалык биримдигинин алкагында интеграцияны тереңдетүү зарылдыгын белгилеп, мүчө мамлекеттердин ортосундагы билим берүү боюнча байланышты чыңдоо маанилүү экенин кошумчалады.

Форумдун жүрүшүндө ректор Кудайбери Кожобеков ОшМУ эл аралык кызматташтыктын активдүү катышуучусу болуп, тармактык программаларга катышып, академиялык мобилдүүлүк менен биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашырып жатканына токтолду.

«Бул форум кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, тажрыйба алмашууга, Евразия мейкиндигинде жогорку билим берүүнүн жаңы стратегияларын иштеп чыгууга жана инновациялык технологияларды мүчө мамлекеттердин экономикасына киргизүүгө багытталган», – деди өзсөзүндө.

«Евразиялык тармактык университет» илимий-билим берүү консорциумунун III форуму 22-октябрдан 23-октябрга чейин ОшМУнун базасында уланат.

Иш-чара илим, билим берүү жана бизнес чөйрөсүнүн өз ара аракеттенүүсүн тереңдетүү, тармактык багыттагы жогорку билим берүү программаларын ишке ашыруу, эмгек рыногунун талаптарына ылайык адистерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу программаларын иштеп чыгуу максатында үчүнчү ирет өтүп жатат. Форумдун алкагында эксперттик баяндамалар жасалып, ЕТУнун координациялык кеңешинин жыйыны өтөт. Андан сырткары бир катар эл аралык келишимдерге кол коюлушу күтүлүүдө.