Кыргызстандык окуучулар математика жана информатика боюнча III эл аралык Аль-Хорезми атындагы олимпиададан 2 алтын, 5 күмүш, 2 коло медаль жеңип алышты
13 май

Кыргызстандык окуучулар математика жана информатика боюнча III эл аралык Аль-Хорезми атындагы олимпиададан 2 алтын, 5 күмүш, 2 коло медаль жеңип алышты

2025-жылдын 7–13-майында Өзбекстандын Ташкент шаарында математика жана информатика боюнча III Эл аралык Аль-Хорезми атындагы олимпиада өткөрүлдү. Бул олимпиадага 9 өлкөдөн (Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Малайзия, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан, Өзбекстан) 205 окуучу катышып, Кыргызстандын намысын 8 математик, 4 информатик окуучу коргогон.

Информатика

Информатика боюнча катышкан 4 окуучунун бардыгы медалга ээ болду: 1 алтын, 2 күмүш, 1 коло медаль

Медалдардын ээлери:

1. Рамазан Мананов, 9-класс, Сейтек STEM мектеби – алтын медаль.
Тренерлери: Кылычбек Урайымов, Айдар Мундузбаев

2. Абдуллахан Абдирасулов, 9-класс, Ош лицейи – күмүш медаль.
Тренерлери: Кылычбек Урайымов, Айдар Мундузбаев

3. Саид Джаникеев, 9-класс, профессор А. Молдокулов атындагы МТУМЛ – күмүш медаль.
Тренери: Бексултан Алмазбеков

4. Актан Мавлянов, 8-класс, Intellect Pro мектеби – коло медаль.
Тренери: Медербек Осмонов

Математика

Математика боюнча 4 окуучу медаль утуп алды: 1 алтын, 3 күмүш, 1 коло медаль

Медалдын ээлери:

1. Арлан Саят, 7-класс, "Газпром Кыргызстан" мектеби – алтын медаль.
Тренерлери: Мамат Ишматов, Бекжол Жолдубай уулу

2. Ариет Акимов, 7-класс, "Газпром Кыргызстан" мектеби – күмүш медаль.
Тренерлери: Мамат Ишматов, Бекжол Жолдубай уул

3. Бектен Абдувалиев, 7-класс, International School of Kyrgyzstan – күмүш медаль.
Тренери: Мурат Абдувалиев

4. Адилет Шакиралиев, 9-класс, Купуев академиясы – күмүш медаль.
Тренерлери: Шумкарбек Абдураимов, Мамат Ишматов

5. Бекнур Мажитов, 9-класс, Кадамжай "Семетей" лицейи – коло медаль.
Тренери: Азамат Аскаров

Катышуу сертификатын алгандар:

1. Нурмухаммед Жаратов, 8-класс, Бишкек шаарындагы № 61 АФММЛ ОК
2. Жанатбек Курманбеков, 8-класс, Бишкек шаарындагы № 61 АФММЛ ОК
3. Барсбек Абдимиталипов, 9-класс, "Акылман" президенттик лицейи.