Баетов айылында 179 млн сомго бала бакча салынууда
Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылында наркы 179 миллион сомду түзгөн жаңы бала бакча курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.
Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылат.
Башкы план боюнча бала бакча 240 орунга ылайыкталып, жалпы аянты 2619 чарчы метр болгон эки кабаттуу имараттан турат.
Курулуш-монтаждоо иштери курулуш ченемдеринин негизинде “Сапат Пром” ЖЧКсы тарабынан аткарылуула.
