Догдуркүл Кендирбаева Япониянын Элчиси Хирано Рюити менен билим берүү тармагындагы кызматташтыкты талкуулады
15 июль

Догдуркүл Кендирбаева Япониянын Элчиси Хирано Рюити менен билим берүү тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хирано Рюити менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү тармагындагы кыргыз-япон кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин, ошондой эле Япониянын алдыңкы билим берүү уюмдары жана компаниялары менен кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Министр Догдуркүл Кендирбаева Кыргыз Республикасынын Япониянын алдыңкы тажрыйбасын, айрыкча балдарды тарбиялоо, алардын өз алдынчалуулугун өнүктүрүү жана эрте жаштан баштап негизги көндүмдөрдү калыптандыруу жаатындагы тажрыйбасын үйрөнүүгө жана колдонууга кызыкдар экенин белгиледи.

“Билим берүү тармагындагы кызматташтык эки өлкө үчүн чоң мааниге ээ. Биз Япониянын расмий органдары менен өз ара кызматташууну мындан ары да чыңдоого, анын ичинде эки өлкөнүн агартуу министрликтеринин ортосунда расмий өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө даярбыз”, – деди министр.

Догдуркүл Кендирбаеванын айтымында, тиешелүү ведомстволор аралык макулдашууга кол коюу тажрыйба алмашууну кеңейтүүгө, билим берүү дипломатиясын чыңдоого жана глобалдык экономиканын шартында сапаттуу адамдык капиталды өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам болот.

Элчи Хирано Рюити билим берүү тармагындагы ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө жана жаңы биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экенин билдирди.