Ошто евразиялык билим берүү көргөзмөсү өтөт
10 март

Ошто евразиялык билим берүү көргөзмөсү өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 11-мартында Кыргызстандын түштүк борбору Ош шаарында евразиялык билим берүү көргөзмөсү өтөт.

Бул иш-чара абитуриенттерге Россиянын жогорку окуу жайлары менен таанышып, окууга тапшыруу боюнча маалыматты түздөн-түз университеттердин өкүлдөрүнөн алууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.

Көргөзмөдө адистер окуу багыттары, кабыл алуу шарттары жана студенттик жашоо тууралуу маалымат беришет. Катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, келечектеги кесипти тандоо боюнча кесипкөй кеңештерди ала алышат.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана Оштогу Россия  үйү тарабынан колдоого алынууда.

Уюштуруучу: Евразия кызматташтык уюму АНОсу.

Дата: 11-март 2026-жыл
Убактысы: 10:00–14:00
Дареги: Ош мамлекеттик университети, Ош шаары, Ленин көчөсү, 331.