Тарыхта биринчи жолу. Кыргызстандык беш студент дүйнөдөгү эң беделдүү университеттерге кабыл алынды
5 июнь

Тарыхта биринчи жолу. Кыргызстандык беш студент дүйнөдөгү эң беделдүү университеттерге кабыл алынды

Кыргызстандын агартуу министри Догдуркул Кендирбаева бүгүн, 5-июнда дүйнөнүн алдынкы университеттерине тапшырып, ийгилик жараткан бүтүрүүчүлөр менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты. 

\Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу бир эле учурда беш окуучу дүйнөдөгү эң беделдүү жогорку окуу жайларына кабыл алынды. Алардын үчөө Плющ Лигасынын университеттерине өтсө, экөө Массачусетс технологиялык институтунун (MIT) студенттери болушту.

Министр Догдуркул Кендирбаева бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, эстеликке белектерди тапшырды. Ошондой эле ал «Келечектеги лидерлер мектеби» долбоорунун негиздөөчүсү Алтынбек Бегалиевге билим берүү тармагына кошуп жаткан салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Жолугушууда министр бүтүрүүчүлөр келечекте мекенине кайтып келип, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошушат деген ишенимин билдирди.

Ким кайсы университетке тапшырды?

Айхан Принстон университетине жана Колумбия университетине тапшырды, ошондой эле АКШнын бир нече алдынкы окуу жайларынан сунуштар алды.

Нурсултан Пенсильвания университетине (UPenn) толук грант (Full Ride Scholarship) менен кабыл алынды, $346 660 көлөмүндөгү каражат окуу, жашоо жана тамак-аш чыгымдарын төрт жыл бою толук жабат.

Тимур Колумбия университети жана Франциядагы Sciences Po университетинин биргелешкен «2+2» программасына 70 пайыздык окуу акысын камтыган грант менен тапшырды.

Эльдар менен Искен Массачусетс технологиялык институтуна кабыл алынып, төрт жылдык толук грант (Full Ride Scholarship) алышты, башкача айтканда, алардын ар бири $360 000 көлөмүндө каражат алат. Бул каражаттар алардын окуу, жашоо жана тамак-аш чыгымдарын толук жабат.