ОшМПУда Ата-Мекенди коргоо күнүнө карата студенттик сынак өттү
21 февраль

ОшМПУда Ата-Мекенди коргоо күнүнө карата студенттик сынак өттү

Ош мамлекеттик педаогикалык университетинин колледжинде аскерге чейинки даярдоо сабагы боюнча 1-курстар аралык сынак өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган колледжден кабарлашты. 

Иш-чарага университеттин ректору Бекмурза Зулуев, Ош шаардык аскер комиссариатынын 3-бөлүмүнүн башчысынын жардамчысы, капитан Нурсултан Шайырбек уулу, ага лейтенант Мирбек Шакиров, Ош шаардык ИИБ тергөө кызматынын тергөөчүсү Семетей Жолдошов, окутуучулар жана студенттер катышты. 

Саамалык  “Милдет, Намыс, Ата – Мекен ураанынын негизинде 23-февраль – Ата-Мекенди коргоо күнүнө жана  университеттин 100 жылдыгына  карата уюштурулуп, окуу жайда үзүрлүү эмгектенген  милициянын полковниги   Касым Кадыровдун жаркын элесине арналды.

Мында колледждеги адистиктердин 1-курстарынан суурулуп чыккан 7 команда ат салышты. Алар жобого ылайык аскерге чейинки даярдоо сабагынын негизинде саламдашуу, автомат Калашниковду чачуу жана жыйноо,  суроо – жооп, өз өнөрүн тартуулоо, гир көтөрүү жана ар кандай күтүүсүз келген табигый кырсыктар учурундагы биринчи медициналык жардам эрежелерин көрсөтүү боюнча түрдүү  тапшырмаларды аткарышты.

Жыйынтыгында калыстар тобу тарабынан жеңүүчүлөр аныкталып, балдар ортосунда 1-орунду дене тарбия адистигинин “Бөрү” командасы, ал эми кыздар ортосунда 1-орунду башталгыч класстарды окутуу адистигинин “Жаңыл Мырза” командасы багындырды.

Жеңүүүлөргө уюштуруу тобу тарабынан диплом жана баалуу белектер тапшырылды. Бул менен бирге колледждин дене тарбия жана табигый илимдер кафедрасынын айрым окутуучуларына да Ош шаардык аскер комиссариаты  тарабынан Ардак грамоталар ыйгарылды.

Белгилей кетсек аталган иш чара студенттерди мекенди сүйүүгө багыттоо жана патриоттуулукка тарбиялоо, тайпалар аралык ынтымакты бекемдөө максатында колледждин дене тарбия жана табигый илимдер кафедрасы тарабынан уюштурулган.