Мектеп рэкетчилиги: мугалимдер иштен кетти, бирок көйгөй калды...  
21 февраль

Мектеп рэкетчилиги: мугалимдер иштен кетти, бирок көйгөй калды...  

Кыргызстанда акыркы бир айда мектеп окуучуларынын ур-токмогунан үч окуучу каза тапты. Биринчи радионун түз эфиринде Бишкектеги №40 орто мектептин, №69 орто мектептин жана №68 орто мектептин директорлору Карлыгач Орозонова, Аида Дөөталиева жана Саадат Жумакунова мектептеги рэкетчиликтин келип чыгуу себептерин жана аны алдын алуу жолдору тууралуу ойлорун бөлүштү. 

Карлыгач Орозонова жетектеген №40 мектепте 2200дөй окуучу окуйт жана аларга 70тен ашуун мугалим билим берет. 

«72 мектептеги кайгылуу окуя 8-9-класстын окуучуларынын арасында болду. Баланын психологиясын алсак, 5-6-7-8-9-класс балдардын гиперактивдүү убагы. Бул учурда бири бири менен мамиле келишпестик жаралса, аны физикалык күч колдонуу менен чечүүгө өтүшөт. Бул агрессия болуп эсептелинет. Мындан улам, биз социалдык педагог жана психологдордун жардамы менен окуучулар арасында тест өткөрүп турабыз. Биздин мектепте рэкетчилик жок деп 100 пайыз айта албайм, анткени тестте балдар «чоң класстын балдары тамакка акча сурашты», «жолубузду тосушту» деп айткан учурлар болот. Андан соң, ошол аты аталган балдардын ата-энелери менен иштешебиз», – деди Орозонова. 

№69 мектептин директору Аида Дөөталиева мектептерде кайгылуу окуя катталса, сөзсүз түрдө мектеп директору менен мугалим күнөөлүү болоорун белгилеп, бул жаатта коомчулук туура түшүнө турган жагдай бардыгын айтты. 

«Мисалы, биздин мектеп 900дөн ашуун окуучуга ылайыкталган, бирок бүгүнкү күндө 3600 окуучу билим алат. А мугалимдердин саны 122. Ошончо баланы 122 мугалимдин көзөмөлгө алуусу оор. Азыр балдардын жашоого болгон көз карашы өзгөрдү: укуктарын абдан жакшы билишет, бирок милдеттерин билишпейт. Ата-энеси сырткы миграцияда жүргөн балдар көп, алар балам жакшы кийинсин, кымбат телефон көтөрсүн деп акча салышат, а бирок тарбиясы унутта калат. Кымбат кийинген окуучу жупуну кийинген мугалимден өзүн өйдө коет жана ошого жараша мамиле жасайт», – деди ал. 

Ал эми №68 мектептин директору Саадат Жумакунованын айтымында, азыркы балдар мээримге зар, анысы көздөрүнөн көрүнүп турат. Анткени, ата-эне тиричилик менен алышып, баланы мектепке жеткирип жана алуу менен гана чектелет. Анын кандай билим алып жатканы, жүрүм-туруму боюнча маалыматы жок. Директор белгилегендей, №68 мектепте да окуучу нормадан көп: мектеп 1200 орунга ылайыкталса, бүгүнкү күндө 2576 окуучу билим алат. 

Ошол эле маалда түз эфирге байланышка чыккан №72 мектептин атын атабаган мугалими мындай пикирин калтырды: 

«Бул окуядан кийин мектептен 4-5 мугалим жумуштан кетти. Бирок алар кетишкени менен көйгөй калып жатпайбы. Эч бир ата-эне балдары менен иштешип, тарбия иштерин жүргүзгүсү келбейт. 5-класста окуган баласына да алы жетпейт. 

Азыр мигранттардын балдары абдан көп, ар бир мектепте 700-800 баланын ата-энеси миграцияда жүрөт. Алар кандай билим алып жатканы эч кимди ойлондурбайт. Эрезеге жете элек балдардын иши боюнча инспектор мектептерде отурбайт, качан гана ушундай окуя катталганда, келип калышат. Калган учурда отчетторунда мектепте отурушканы жазылат, бирок андай эмес. Мектеп өз көйгөйү менен өзү жалгыз алышып келүүдө...».

юнча инспектор иштейт, күн сайын эртеден кечке отурбаса дагы,  бир маал келип, абалды байкаштырып турат.