Бакай-Ата районундагы 22 мектепте өспүрүмдөр иши боюнча инспекторлордун кабинети пайда болду
8 апрель

Бакай-Ата районундагы 22 мектепте өспүрүмдөр иши боюнча инспекторлордун кабинети пайда болду

 Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районундагы мектептерде өспүрүмдөр иши боюнча инспекторлорго кабинеттер бөлүнүп берилди. Бул тууралуу Караван-Инфого облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын февралында ички иштер министри менен билим берүү жана илим министри жолугуп, мектептерде өспүрүмдөрдүн иши боюнча инспектордун кабинеттерин ачууну макулдашышкан.

«Бул макулдашуунун алкагында Талас облусунун Бакай-Ата районундагы 22 мектепте милицияга иш бөлмөлөрү берилип, керектүү техникалар, эмеректер менен камсыздалды. Ошондой эле билим берүү мекемелерине видеокамералар орнотулуп, мектеп директорунун жана өспүрүмдөр иши боюнча инспектордун иш бөлмөсүнө туташтырылып жатат», – деп айтылат маалыматта.

Облустук милициядан кошумчалашкандай, млицияга мектептерден иш бөлмөлөрдүн берилиши жана видеокамералардын орнотулушу кырдаалды натыйжалуу көзөмөлдөөгө, буллингдин, зомбулуктун жана жашы жете электердин кылмыштуулукка тартылган учурларын аныктоого мүмкүндүк берет.