«Окутуучуларга машинасын жуудуруп, телефонун оңдоткон» – БатМУнун проректору Артыкбаев укукту камсыздайбы же бузабы?
10 июль

«Окутуучуларга машинасын жуудуруп, телефонун оңдоткон» – БатМУнун проректору Артыкбаев укукту камсыздайбы же бузабы?

Баткен мамлекеттик университетинин педагогикалык жамааты КР Башкы прокуратурасына, КР Илим, жогорку билим жана инновация министрлигине, Баткен мамлекеттик университетинин администрациясына кайрылуу жолдошту.

Бул соцтармакка Күмүшай Мейманова аттуу окуутучунун атынан жарыяланды.

Кайрылууда БатМУнун ректоратынын мыйзамсыз жана адамдык ар-намысты басынткан аракеттери айтылган.

«Биз – Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунун (БатМУ КГПИ) окутуучулар жамааты, терең тынчсыздануу жана нааразылык менен төмөнкүлөрдү билдиребиз.

2025-жылдын 1-июлунан 1-сентябрына чейин расмий түрдө бекитилген эмгек өргүүсүндө экендигибизге карабастан, БатМУнун ректораты тарабынан мыйзамсыз жана моралдык жактан кемсинткен аракеттер көрүлдү. Ректораттын өкүлдөрү – Г.Артыкбаев жана Х.Тайиров ж.б. – биздин өргүүдө экенибизди көзгө илбей, жогорку окуу жайда жүрүп жаткан текшерүү иштерине мыйзамсыз катышууну талап кылышты.

Бул талаптар төмөнкү одоно мыйзам бузуулар жана моралдык зомбулук менен коштолду:

  • Жазуу түрүндөгү макулдугубуз алынган жок;
  • Эмгек өргүсүнөн расмий кайтаруу буйругу берилген жок;
  • Текшерүүгө келген комиссиянын буйругу жашырылды, биз аны менен таанышкан жокпуз;
  • Талаптарга баш ийбесек, эскертүү жана кызматтан бошотуу менен коркутуулар болду», – деп белгиленген.

Андан ары окуу жайдын тышкы байланыштар жана укуктук камсыздоо боюнча проректору Г.Артыкбаевдин окутуучуларга жасаган терс мамилеси баяндалган:

«Ал айрым кызматкерлерге өзүнүн жеке автоунаасын жуудурган.

Дагы бир окутуучуга «телефонумду оңдоп кел» деген жеке тапшырмасын милдет катары жүктөгөн.

Бул аракеттер адамдык ар-намысты басынтып, окутуучунун кадыр-баркына шек келтирген абдан зомбулук мүнөзүндөгү көрүнүштөр болду.

Бул аракеттер жөн гана эмгек укугун бузуу эмес, педагогикалык коомчулукка карата жасалган моралдык жана адептик зомбулуктун көрүнүшү болуп эсептелет», – дейт эмгек жамаат.

Алар ошондой эле Артыкбаевдин жогоруда айтылган кылык-жоругу мыйзам бузууга жатаарын төмөнкүдөй тастыкташкан:

«Негизги мыйзам бузуулар:

  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 123–127-беренелери – өргүүдө жүргөн кызматкер жумуштан бошотулат жана ага эч кандай милдет жүктөлбөшү керек;
  • 130-берене – кызматкерди өргүүдөн чакыруу жазуу түрүндөгү макулдугусуз тыюу салынат;
  • Мамлекеттик кызматкер этикасынын негизги нормалары, кызматтык ыйгарым укуктарды ашыкча пайдаланууга кылмыш жоопкерчилиги каралган».

Мындан улам окутуучулар жамааты БатМУнун ректоратынын администрациясы тарабынан жүргүзүлгөн мыйзамсыз жана адамдык абийирге каршы келген аракеттерге укуктук баа берүүнү, Г.Артыкбаевге карата кызматтык териштирүү ачып, анын кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чапкан аракеттерине юридикалык чара көрүүнү талап кылышкан.