Төрага: Билим берүү министрлигинин экиге бөлүнүшү өлкө келечеги үчүн туура чечим болду
13 май

Төрага: Билим берүү министрлигинин экиге бөлүнүшү өлкө келечеги үчүн туура чечим болду

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бүгүн, 13-майда КР президентинин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов менен илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин кызмат ордуна сунушталган Бактияр Орозовду кабыл алды. Бул тууралуу парламенттен кабарлашты.

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Билим берүү жана илим министрлигинин экиге бөлүнүшү тармак үчүн эле эмес, өлкөнүн келечеги үчүн туура чечим болгонун баса белгиледи

«Буга чейин да бир эле министрлик бала бакчадан баштап, мектептерди, кесиптик лицейлерди, жогорку окуу жайларын, Улуттук илимдер академиясын жана башка билим берүү, илим изилдөө мекемелерин тейлей албасын айтып, аны бөлүү демилгесин көтөрүп келгем. Анткени бир министрлик баарына жетишип, тармакты толук алдыга жылдырып кете албасын турмуш өзү көрсөттү. Бул боюнча Өлкө башчысы менен да бир нече жолу талкуулаганбыз. Андыктан кечеги чыгарылган чечим өтө туура. Эми эки заманбап министрлик өз багыттары боюнча жигердүү иштеп, мамлекетибиздин келечеги үчүн алгылыктуу иштерди алып барышы керек», – деди ал.

Ошондой эле эл аралык тажрыйбаны эске алып, билим берүүнүн жана илим изилдөө иштеринин сапатын жакшыртуу талабын койгон төрага:

«Болочоктогу эки министрликке чоң жоопкерчилик жүктөлүп, зор ишеним артылууда. Себеби, азыркы шартта тармакты толугу менен жаңылап, өлкө келечеги үчүн ири реформаларды ишке ашыруу кажет. Албетте Жогорку Кеңеш жаңы түптөлгөн министрликтерге ар тараптуу колдоолорду көрсөтүүгө даярбыз», – деди.

Жолугушууда сунушталган талапкердин алдыдагы пландары боюнча да маалымат алган Нурланбек Тургунбек уулу аны ыкчам иштеп, жыйынтык көрсөтүүгө чакырды.

«Азыр жаңы технологиялардын заманы. Андыктан, университеттер жана илимий мекемелер жаңы ачылыштардын ордосу, жаратмандардын устаканасы катары кызмат кылышы керек», – деп кошумчалады .

Эскерте кетсек, төрага Нурланбек Тургунбек уулу Үчүнчү Элдик Курултайда Билим берүү жана илим министрлигин экиге бөлүү демилгесин көтөрүп, аталган сунушун парламент жыйынында да байма-бай айтып келген.