Ошто жаңы 625 орундуу мектептин курулушу аяктоо алдында турат
Ош шаарындагы “Жибек жолу” муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагында С. Айни көчөсүндө жайгашкан 625 орундуу жаңы мектеп имаратынын курулушу дээрлик соңуна чыгып калды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Учурда окуу жайы заманбап талаптарга ылайык керектүү жабдуулар менен толугу менен камсыз болуп, ички жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Атап айтканда, пол төшөө, фасадын актап сырдоо, ошондой эле негизги кире бериш бөлүгүн оңдоо жана көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат.
Мектепте окуучулар үчүн бардык шарттар түзүлүп, аймагында суу кампасы жана өзүнчө жылуулук берүүчү откана да курулган.
