Билим берүү министри Догдургүл Кендирбаеванын чет өлкөгө жасаган иш сапарлары сынга кабылды
Президенттин администрациясынын коллегиясынын жыйынында мамлекеттик органдардын ишине кеңири талдоо жүргүзүлдү. Негизги көңүл бөлүмдөрдүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана чет элдик иш сапарларга чыгашаларды оптималдаштырууга багытталган.
Талдоолордун жыйынтыгы боюнча президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарылышын контролдоо башкармалыгынын башчысы Азамат Осмонов баяндама жасады.
Өзгөчө билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаеванын чет өлкөгө жасаган иш сапарлары сынга кабылды.
Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева 2024-жылы жалпысынан 32 жумушчу күндүн ичинде 10 эл аралык сапарга чыккан.
Тактап айтканда, Австрияга 8 күндүк иш сапары болуп, анда билим берүүнү санариптештирүү жана кыргыз-кытай университетин түзүү боюнча эч кандай конкреттүү жыйынтык болгон эмес.
“Келечек үчүн билим берүүгө” 200 миллион долларды тартуу маселеси дагы деле талкууда. Министрдин 2024-жылдын май айында Улуу Британия барып келүүсүндөгү 400 миң доллар окуу китептерине жана министрликке кошумча каржылоо тартуу максатты ишке ашкан эмес», - деп баса белгиледи Азамат Осмонов.
Ал жогоруда айтылган жагдайларга байланыштуу президенттик администрация мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугуна жана бюджеттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышына көзөмөлдү күчөтүп, ар бир чет элдик сапардан максималдуу пайда алуу керек деп сөзүн жыйынтыктады.
