Ош шаарында 100дөн ашык адам санариптик коопсуздук боюнча Евразиялык диктант жазды
Россиянын Ош шаарындагы Орус үйүнүн аянтчасында өткөн санариптик коопсуздук боюнча Евразиялык диктантка 100дөн ашык адам катышты.
Эл аралык агартуу акциясына мектеп окуучулары, студенттер, мугалимдер, жогорку окуу жайлардын окутуучулары жана шаардын тургундары катышты.
Диктанттын негизги максаты — санариптик жана финансылык сабаттуулукту жогорулатуу, ошондой эле алдамчылык схемаларын таануу боюнча практикалык көндүмдөрдү калыптандыруу.
Тапшырмалар фишинг, дипфейк, жалган инвестициялык сунуштар, дропперлик жана алдамчылыктын башка кеңири тараган түрлөрүнө арналды.
Акциянын негизги офлайн аянтчасы Москвадагы «Россия» улуттук борбору болду. Жалпысынан диктантка Россияда жана башка өлкөлөрдө онлайн жана офлайн форматтарда 500дөн ашык аянтча кошулду.
Уюштуруучулардын маалыматына караганда, диктантка Россиядан жана Евразиянын дагы 19 өлкөсүнөн 30 миңден ашык адам катышты.
Иш-чаранын алкагында Ош шаарындагы Орус үйү Ош облусунун Ноокат районунун Орнок айылындагы А. Нарматов атындагы мектептин окуучуларын да кабыл алды. Мектеп окуучулары үчүн робототехника боюнча сабак өткөрүлдү. Мындан тышкары, алар диктанттын катышуучуларына бий номерлерин тартуулашты.
