Камчыбек Ташиев 12 жылдык окутууга байланыштуу кайрадан билдирүү жасады
Бишкекте бүгүн, 4-мартта мектептердеги 12 жылдык окууга байланыштуу маселе талкууланган жыйын өттү. Ага президент Садыр Жапаров, эксперттер, КР Билим берүү министрлигинин жетекчилиги, окумуштуулар жана тиешелүү органдардын өкүлдөрү катышкан. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымына караганда, билим берүү өлкөнүн келечегин аныктаган эң маанилүү тармак.
"Албетте, мындай чоң өзгөрүүлөр дайыма коомдук талкууга коюлушу керек, ар кандай пикирлер болушу дагы табигый көрүнүш. Талкуу, ачык диалог гана бизди сапаттуу чечимдерге жеткирээри талашсыз", - деп, буга чейин 12 жылдык билим берүүгө карата өзүнүн тынчсыздануусун билдиргендигин айтты.
УКМК төрагасы мамлекет башчысы да бул маселеге көңүл буруп, тынчсыздануусун билдиргендигин кыйытты.
"Президент бардык тобокелдиктерди эске алуу менен, билим берүүдөгү реформаны этаптарга бөлүү менен дыкат ишке ашыруу чечимин кабыл алды. Башкача айтканда, баштапкы ойлонуштурулган шартта эмес, акырындык менен, улам кемчиликтерин жоюп, жетишпегенин толуктап отуруп, ишке ашыруу чечими кабыл алынды, буга макул болсок болот.
12 жылдык окуу жөн гана кошумча бир жыл эмес, балдардын билим сапатын жогорулатуу, профилдик окууну кеңейтүү, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, мектеп программаларын дүйнөлүк стандарттарга ылайыкташтыруу, ЖОЖдордогу кайталанма сабактарды жоюу жана өлкөбүздүн билим берүү системасын келечекке багыттоо мүмкүнчүлүгү экендиги баса белгиленди. Ошондуктан, алдыга жылууну туура көрдүк. Себеби, биз президентибиздин толуктап, тактап, алдыбызга койгон тапшырмаларын так жана ийгиликтүү аткарууга милдеттүүбүз", - деп баса белгиледи ал.
Эске сала кетсек, УКМК төрагасы буга чейин мектептерде 12 жылдык окууга өтүүгө каршы экенин айтып, себебин түшүндүргөн болчу.
